МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XXI сессиясы
2015-жылдын 19-июну № 134
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин 2014-2015-ж чечимдердин аткарылышы жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (V чакырылыштагы) депутаттарынын кезектеги XXII сессиясы, Мырза-Аке айылдык Кеңешинин 2014-ж май айынан 2015-жылдын май айына чейин кабыл алынган чечимдеринин аткарылышы жөнүндө маселе боюнча укук жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиянын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 12- пунктун жетекчиликке алып, төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык Кеңешинин 2014-жылдын май айынан 2015-жылдын май айына чейин кабыл алынган чечимдеринин аткарылышы канааттандырарлык деп табылсын.
2. Айылдык Кеңешинин 2015-жылдын июнь айынан 2016-жылдын июнь айына чейин иш-планы бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Тынай уулу Бакытка милдеттендирилсин.
Мырза-Аке айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Кимсанов |