Загрузка документа…
АЧА-КАЙЫНДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 19-апрели № 3
Ача-Кайынды айылынын жайыттарды пайдалануучулар бирикмесинин 2012-жылга карата бюджети туралуу
Депутаттардын Ача-Кайынды айылдык округдук Кенешинин ΧΧІІI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ача-Кайынды айылынын жайыттарды пайдалануучулар бирикмесинин 2012-жылга карата бюджетине жасалма уруктандыруу проетисине каралган 30 мин сомду, 2011-жылы салынып толук бγткγрγлбѳй турган кѳпγрѳнγ бγткѳрγп ишке берγγ γчγн кошумча жыйналуучу салыктан 20 мин сом каралып, жалпысы 50 мин сом кѳпγрѳнγ бγткѳрγγгѳ бѳлγнсγн.
2. Жайттарды пайдалануучулар бирикмесинин 2012-жылга карата бюджети кошуча ѳзгѳрγγлѳр менен бекитилсин.
3. Алыскы жана ортонку жайыттарга жайлап кыштаган малдардын тарифтери тѳмѳнкγдѳй баада бекитилсин.
- Ак-Сай ѳрѳѳнγндѳ жайлап кыштаган тарифи тѳмѳнкγдѳй ѳлчѳмдѳ калтырылсын
1. Уй-топоз, жылкы – 63 сом
2. Кой, эчки - 12 сом
- Ортонку, ички жайытта жайлаган малдардын тарифинин ѳлчѳмγ:
1. Уй-топоз, жылкы – 21 сом
2. Кой, эчки - 4 сом
- Башка жактан келип айылдын жаздоо, кγздѳѳгѳ, жайлоого барып жайлап келген малдын башына тѳмѳндѳгγдѳй баада тѳлѳнсγн:
1. Уй, жылкы - 42 сом
2. Кой, эчки - 8 сом
4. Ат-Башы элинин жайкы бадасы (уй) биздин жайытка чыгып жаткандыктан, жайыт акысы γчγн ар бир уйга 42 сомдон бекитилсин.
5. Ички жайыт эсебиндеги жайыт жерден чѳп чаап пайдаланып жаткан жерлерден 1 сотых 10 сомдон жайыт акы тѳлѳнсγн.
Ача-Кайынды айылдык кеңешинин тѳрагасы |
Ш. Арыкбаев |