Редакцияот 16.04.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу айылдык Кеңешинин XVI чакырылышынын III кезексиз сессиясы

 

2013-жылдын 16-апрели № 7

Туз-Бел участкасына Бишкек-Нарын-Торугарт автожолун куруу максатында ЖЧК

көп тармактуу «Максат» фирмасынын СВ-105 маркасындагы темирбетон

опораларын орнотуу жөнүндө

 

ЖЧК көп тармактуу «Максат» фирмасынын 29.05.2013-жылдагы №60 чыгыш каты боюнча айылдык Кенештин торагасы К.Иманкуловдун билдируусун угуп жана талкуулап, жергиликтүуу Кенештин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Суу айыл аймагына караштуу Туз-Бел участкасына Бишкек-Нарын-Торугарт автожолун куруу максатында ЖЧК коп тармактуу «Максат» фирмасынын СВ-105 маркасындагы 40 даана темирбетон опораларын орнотуу учун ЛЭП-10 кВ курууга 2 км 300 метр узундуктагы жерге 2 жылга убактылуу уруксат берилсин.

2. Темирбетон орнотууга берилген жердин акысы учун Кара-Суу айылынын Жайыт комитетине жылына уч мин сомдон жайытты кыйыр пайдалангандыгы учун акы белгиленсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын козомолдоо жагы Кара-Суу айыл аймагынын айыл окмотунун башчысы К.Уметовго жана жайыт комитетинин төрагасы М.Самтыровго милдеттендирилсин.

 

Кара-Суу айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

К. Иманкулов