Загрузка документа…
АЧА-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 14-февралы №3
Административдик аймакта 1-2-3-группадагы мулккө салык алуу жана жер салыгын алууну киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Салык кодексинк колдонууга киргизуу жөнүндөгү» 17-октябрь 2008-жылдагы № 231 мыйзамынын 3-беренесинин 3-пунктун ишке ашыруу үчүн жана жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү жана сактап калуу максатында Депутаттардын Ача-Кайынды айылдык округдук Кенешинин XXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2012-жылдын 1-январынан баштап Ача-Кайынды айыл округунун административдик аймагыгынын ичинде төмөндөгү салыктардын түрлөрү киргизилсин.
2. Айыл чарба багытындагы жер салыгы, айыл чарба багытына арналбаган жер салыгы, короо жанында жана багбанчылык-огород участкаларынан алынуучу салык; 1-2-3-группадагы мулк салыгы.
3. Салыктардын эсептөө тартиби Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин негизинде жүргүзүлсүн.
4. Бул чечим юстиция министрлигинин Нарын облустук башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн.
5. Бул токтомдун бир нускаы Мамлекеттик салык кызматынын Ат-Башы району боюнча башкармалыгына жиберилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы бюджет жана финансы боюнча тармактык комиссияга тапшырылсын.
Ача-Кайыңды айылдык кеңешинин төрагасы |
Ш.Арыкбаев |