Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Октябрь айылдык Кенешинин V чакырылышынын VIII кезексиз сессиясы
2014-жылдын 1-марты № 50
Кызыл-Октябрь айыл өкмотүндөгү жер салыгын жана 1,2,3-группадагы
мүлк салыктарын чегерүү жана каттоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын салык Кодексин ишке киргизуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 3-беренесинин 3-пунктунун негизинде Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин Y-чакырылган YIII-кезексиз сессиясынын кеңешмеси төмөндөгудөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын салык Кодексин ишке киргизуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 3-беренесинин 3-пунктуна ылайык 2014-жылдын 1-январынан баштап 2016-жылга чейин жер салыгын жана 1,2,3-группадагы мүлк салыктарын чегерүү жана каттоо жагы Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө өткөрүлүп (зоналдык коэффициенти 1.0 эсебинде чектелип) берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын салык Кодексин ишке киргизуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын негизинде Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө жер жана 1,2,3-группадагы мүлк салыктарын чегерүү боюнча тактоо иштерин жүргүзүп, ар бир салык төлөөчүлөргө чегерилген салыктарды маалымдоо жагы айыл өкмөтүнүн салык инспектору Б.Турковго милдеттендирүү жагы айыл өкмөткө сунушталсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет, экономика, финанасы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кызыл-Октябрь Кеӊешинин төрагасы |
К. Мусаев |