Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Октябрь айылдык Кенешинин V чакырылышынын VIII кезексиз сессиясы
2014-жылдын 1-марты № 52
Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2013-жыл аткарган жумуштары боюнча маалыматын угуп жана 2014-жылга иш пландарын бекитүү тууралуу маалыматын талкуулап, Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин Y-чакырылган IХ-кезексиз сессиясынын кеңешмеси төмөндөгудөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2013-жыл аткарган жумуштары боюнча маалыматы канааттандырарлык деп табылсын.
2. 2014-жылга жайыт комитетинин бюджетин бекитип берүү жөнүндөгү маалыматы кабыл алынсын.
3. 2014-жылга карата жайыт комитетинин киреше бөлүгү 357 660 (үч жуз элүү жети миң алты жуз алтымыш) сом, чыгаша бөлүгү 357 660 (үч жуз элүү жети миң алты жуз алтымыш) сом болуп бекитилсин.
4. Айылдык округунун жайыт комитетине жайытка төлөнүүчү жайыт акыларын өндүрүүнү уюштуруу жана жергиликтүү бюджетке төктүрүү милдеттендирилсин.
5. Элдин малын баккан падачылар жайыт пайдалангандыгы үчүн, элден жайыт акысын топтоп берүү жагы суралсын.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин айыл чарба, турак жай, транспорт, коммуникация боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кызыл-Октябрь Кеӊешинин төрагасы |
К. Мусаев |