Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Октябрь айылдык Кенешинин V чакырылышынын IX кезексиз сессиясы
2014-жылдын 18-марты № 54
“Кызыл-Сенир” таза суу ичүүчүлөр коомдук бирикмелеринин 2013-жыл аткарган жумуштары боюнча маалыматын угуп жана 2014-жылга иш пландарын бекитүү тууралуу талкуулап, Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин V-чакырылган IХ-кезексиз сессиясынын кеңешмеси төмөндөгудөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кызыл-Сенир” таза суу ичүүчүлөр коомдук бирикменин жетекчиси Э.Танаевтин 2013-жылдагы аткарылган иштери канааттандырарлык деп табылсын жана берген маалыматы эске алынсын.
2. Короонун сыртынан таза суу ичүүчүлөргө ар бир жанга 50 (элүү) сом, суу колонкалары короонун ичинде жайгашкан абоненттерге 150 (бир жуз элүү) сомдон таза суу толөмдөрү белгиленсин. Жаңы абоненттер суу түтугүн короосуна киргизүү акысы 2000 (эки миң) сомдон бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин айыл чарба, турак жай, транспорт, коммуникация боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кызыл-Октябрь Кеӊешинин төрагасы |
К. Мусаев |