Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Октябрь айылдык Кенешинин V чакырылышынын IX кезексиз сессиясы
2014-жылдын 18-марты № 57
Үч-Алыш суу пайдалануучулар ассосациясынын 2013-жыл ичинде аткарган жумуштары боюнча маалыматын угуп жана 2014-жылга иш пландарын бекитуүнү талкуулап Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин V-чакырылган IХ-кезексиз сессиясынын кеңешмеси төмөндөгудөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Алыш СПА аткаруучу директору А.Матмусаевтин 2013-жылдагы аткарылган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2. Үч-Алыш СПАсы 2013-жылы алган балансалык баасы 1307840 сомдук экскаватордун 50 пайызын 653920 сомун 4 жылдык мөөнөттө 2014-жылдан баштап жылына 163480 сомдон Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин алдындагы өнүктүрүү фондуна кайтаруу Үч-Алыш СПАсына, анын аткаруучу директору А.Матмусаевке жүктөлсүн.
3. Дүйнөлүк Банктын “Ички чарбалык сугат-2” долбоорунун алкагында каналдарды калыбына келтирүү жана суу курулмаларын куруу боюнча каржыланган каражатынын 25 % (пайызын) же болбосо 3409920 сомду 7 жылда, жылына 500000 сомдон кемитпей төлөп туруу Үч-Алыш СПАсынын аткаруучу директору А.Матмусаевке жуктөлсүн.
4. Суунун тарифи СПА менен суу чарба туруктуу комитетине жүктөлсүн.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин айыл чарба, турак жай, транспорт, коммуникация боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кызыл-Октябрь Кеӊешинин төрагасы |
К. Мусаев |