Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Октябрь айылдык Кенешинин V чакырылышынын X кезексиз сессиясы
2014-жылдын 18-марты № 59
Кызыл-Сенир айылынын көчөлөрүнүн бирине Мамытов Сатыбалдынын ысмын ыйгаруу жөнүндө
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин V-чакырылган Х-кезексиз сессиясы Кызыл-Сенир айылындагы айылдык жыйындын токтомун угуп жана талкуулап, депутаттардын, айыл тургундарынын сунуштарын колдоп төмөндөгудөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мамытов Сатыбалдынын ысымы Кызыл-Сенир айылынын негизги жолунун бешинчи кесилишиндеги көчөгө ыйгарылсын.
2. Көчөнү ар убакта таза кармоо, иретке келтирип, көрсөтмө такталарды үй номерлерин жаздырып илдирүү жагы Мамытов Сатыбалдынын уул-кыздарына тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Сенир айылынын айыл башчысы А.Бекиевке милдеттендирилсин.
Кызыл-Октябрь Кеӊешинин төрагасы |
К. Мусаев |