Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Октябрь айылдык Кенешинин V чакырылышынын X кезексиз сессиясы
2014-жылдын 30-апрели № 60
Кызыл-Сенир айылынын жаштарынын жана айыл тургундарынын демилгеси менен жаштарды сергек жашоого үндөө, жаштар арасында ар турдүү кылмыштуулуктун алдын алуу, алардын эс алуусу, ден-соолугун чыңдоо максатында Кызыл-Сенир айылындагы Терек участкасындагы терекзардан убактылуу жер участогун алууга (футбол аянтча, волейбол аянтча, сейилдөө паркы ж.б.) беруү жонундөгу маселени талкуулап Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин Y-чакырылган IХ-кезексиз сессиясынын кеңешмеси төмөндөгудөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Сенир айылына калктын ден-соолугун чыңдөө жана эс алуусун уюштуруу максатында Терек участкасындагы терекзардан 1,35 га жер аянтын калктын эс алуусу зонасына убактылуу пайдаланууга берилсин.
2. Футбол жана волейбол аянтчаларын ишке киргизүу үчүн терекзардын тийиштуу аянты кыскартылып, сейилдөө, эс алуу жана спорт аянтчалары үчүн жеңил конструкцияда куруу менен убактылуу келишимдик негизде берүү жагы айыл окмөтүнөн суралсын.
3. Кыркылган терек түзулгөн комиссиянын негизинде келишимдик баада сатылып, тушкон акча каражаты убактылуу эс алуу зонасын көрктөндүрүү, спорттук аянтчаларды курууга жумшалсын.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин айыл чарба, турак жай, транспорт, коммуникация боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
5. Өзгөн шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан тийиштүү иш кагаздарын даярдап берүү жана райондук Мамкаттоо башкармалыгынан каттоого алуу жагы суралсын.
Кызыл-Октябрь Кеӊешинин төрагасы |
К. Мусаев |