Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Октябрь айылдык Кенешинин V чакырылышынын X кезексиз сессиясы
2014-жылдын 30-апрели № 64
Кызыл-Сенир айылында Союз мезгилинде курулган бала бакчанын имараты убактылуу № 26 П.Жолдошов атындагы орто мектебинин пайдалануусунда болуп, бугункү күндө мектептин жаңы имараты бүтүп жаткандыгына байланыштуу кайрадан бала бакча катары пайдаланууга алуу максатында Кызыл-Сеңир айылынын жашоочуларынын жалпы чогулушунун токтомунун негизинде Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин Y-чакырылган Х-кезексиз сессиясынын кеңешмеси төмөндөгудөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мектепке чейинки балдардын ар тараптан өсүп өнүгүүсүнө шарт тузүү максатында № 26 П.Жолдошов атындагы орто мектебинин пайдалануусундагы имарат бала бакча катары пайдаланууга алынсын.
2. Бала бакчанын капиталдык оңдөп түзөө иштерине элди мобилизациялоо, инвестиция тартуу, демөөрчүлөр менен иштөөнү колго алуу жагы Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө, Кызыл-Сенир айылынын айыл башчысына тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин социалдык, маданий, агартуу, спорт жана жаштар менен иштөө маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кызыл-Октябрь Кеӊешинин төрагасы |
К. Мусаев |