Загрузка документа…
АТ БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 17-августу № 21-3
Ат-Башы айылындагы №1 К.Тыналиев атындагы жана № 2 А.Курманалиев атындагы бала бакчалардын ата-энелер менен бирдикте өткөн жалпы чогулушунун токтому жөнүндө
Ат-Башы айылындагы №1 К.Тыналиев атындагы жана №2 А.Курманалиев атындагы бала бакчалардын ата-энелер менен бирдикте өткөн жалпы чогулушунун токтому боюнча, бала бакчалардын башчыларынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, депутаттардын Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдагы №1 К.Тыналиев атындагы жана №2 А.Курманалиев атындагы бала бакчаларга ар бир бала үчүн ай сайын ата-энелер төлөөчү взнос 400 сом болуп бекитилсин.
2. Бала бакчалардын материалдык техникалык базасын чындап туруш үчүн, ата-энелердин өз ыктыяры менен жылына бир жолудан төлөнүүчү взнос 340 сом болуп бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы бала бакчалардын башчылары Ж.Сөпөтаева жана Т.Асаналиевага милдеттендирилсин.
Ат-Башы айылдык кеңешинин төрөгасынын орун басары |
А.Жумалиева. |