Редакцияот 03.03.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 БАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Баш-Дөбө айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз X сессиясы

 

2015-жылдын 3-марты № 15/9

Кеңеш айылынын көчөсүнө Жээнбеков Таштанбектин ысымын ыйгаруу боюнча

Кеңеш айылынын тургуну Жээнбеков Канатбектин Кеңеш айылынын тургундарына жана айылдык Кеңештин сессиясына кайрылуу арызынын негизинде жана Кеңеш айылынын тургундарынын 2014-жылдын 15-мартындагы жалпы чогулушунун №1 протоколунун негизинде Жээнбеков Таштанбектин аты Кеңеш айылынын бир көчөсүнө ысымын ыйгаруу боюнча талкуулап Баш-Дөбө айылдык Кеңешинин кезексиз X- сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн Кеңеш айылынын тургундарынын жалпы чогулушунун №1 протоколу жана Жээнбеков Канатбектин арызы канаттандырылсын.

2. Кеңеш айылынын көчөсүнө Жээнбеков Таштанбектин ысымы ыйгарылсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү мыйзамдуулук жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Баш-Дөбө айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Ж. Идрисов