Загрузка документа…
АТ БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 17-августу № 21-13
Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–аким И.Максүтовдун 17.08.2012-жылдагы Ат-Башы айылдык кеңешине берген №1063 катындагы сунуш жөнүндө
Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким И.Максүтовдун 17.08.2012-жылдагы №1063 каты менен Ат-Башы айылдык кеңешине, Ат-Башы айылы менен Ача-Кайыңды айылдарынын ортосундагы көпүрөгө, көп жылдар бою Ат-башы районунда жооптуу кызматтарды аркалаган жана «Ат-Башы районунун ардактуу атуулу» наамына ээ болгон инсан, маркум Нурманбетов Шаршенаалынын ысымын ыйгаруу тууралуу берген сунушун угуп жана талкуулап, депутаттардын Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким И.Максүтовдун 17.08.2012-жылдагы №1063 сандуу катындагы сунушу канааттандырылсын;
2. Ат-Башы айылы менен Ача-Кайыңды айылдарынын ортосундагы көпүрөгө Ат-Башы районунун ардактуу атуулу, маркум Нурманбетов Шаршенаалынын ысымы ыйгарылсын;
Ат-Башы айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары |
А.Жумалиева |