Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жар айылдык Кеңешинин V чакырылышынын X сессиясы
2015-жылдын 30-январы № 65
Большевик айылынын тургуну Турдумаматов Убраим Тургунбаевичке «Ак-Жар айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндө
Ак-Жар айылдык кеңеши айыл өкмөтүнүн алдыңкы адамдарына урмат, сый көрсөтүү, даңктоо иштерин жүргүзүүнү өзүнүн планына киргизген. Ушул максатта Большевик айылынын 2014-жылдын 25-июнундагы жалпы жашоочуларынын чогулушунун протоколунун жана Большевик айылынын экономикасын көтөрүүдөгү кошкон салымын талкуулап чыгып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Большевик айылынын тургуну, Турдумаматов Убраим Тургунбаевичке Большевик айылынын жалпы жашоочуларынын бир добуштан «Ак-Жар айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндөгү токтому бекитилсин.
«Турдумаматов Убраим Тургунбаевич Ак-Жар айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу» деп аталсын.
2. Большевик айыл тургуну Турдумаматов Убраим Тургунбаевичке «Ак-Жар айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу» деген эстелик, белги тактасы тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кулмурзаев жүктөлсүн.
Ак-Жар айылдык Кеӊешинин төрайымы |
Н.Кыдыргычева |