Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жар айылдык Кеңешинин V чакырылышынын X сессиясы
2015-жылдын 30-январы № 66
Ош облусунун Араван районундагы «Узген-Энерго уголь» ишканасына кайрылуу жөнөнтүү жөнүндө
Ак-Жар айылдык кеңеши Араван районуна «Узген-Энерго уголь» ишканасы тарабынан 40-50 тонналык оор жүк ташуучу машиналар айыл өкмөтүнүн аймагындагы негизге трассадан өтүп элге сугат суу өтүүчү көпүрөлөрдү былчыйтып суу өтпөй эл кыйналып, түшүмдүүлүккө таасиран тийгизип жаткан жагдайды талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жогоруда айтылган, атап айтканда Большевик, Ак-Жар, Какыр айылдарындагы 4 жердеги көпүрөөгө материалдык же акчалай жардам көрсөтүүсү боюнча айылдык кеңештин депутаттарынын атынан «Узген-Энерго уголь» ишканасына кайрылуу жөнөтүлсүн.
2. Кайрылуунун жыйынтыгы боюнча кийинки сессияларга маалымат берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кулмурзаевге тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин «айыл чарбачылыгы боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ак-Жар айылдык Кеӊешинин төрайымы |
Н.Кыдыргычева |