Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жар айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XI сессиясы
2015-жылдын 27-февралы № 69
Ак-Жар айыл өкмөтүнүн 2014-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2015-жылга айыл өкмөтүнүн бюджетин ошондой эле 2016-2017-жылдарга божомолун бекитүү жөнүндө
Ак-Жар айыл өкмөтүнүн 2014-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2015-жылга айыл өкмөтүнүн бюджетин жана 2016-2017-жылдарга божомолун бекитүү жөнүндөгү маселе айылдык кеңешинин «бюджет, финансы, салык маселелери боюнча» туруктуу комиссиясында алдын ала каралып, алардын сунуштарынын негизинде Ак-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-жылы Ак-Жар айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгү 9619,4 миң сомго жана чыгаша бөлүгү 9818,5 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин .
2. Ак-Жар айыл өкмөтүнүн 2015-жылга бюджети кирешелери жана чыгашалары 8295,4 миң сом өлчөмүндө бекитилсин .
3 .Айыл өкмөтүнүн 2016-2017-жылдарга жактырылган болжолдуу көрсөткүчтөрү бекитилсин жана ар бир так мезгилде аларды кабыл алууда такталууга жатаары белгиленсин .
4 .Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2013 жылдын 8-июлундагы, «КР окмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы №451 «КР жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» №403 токтомуна ылайык түзүлгөн Ак-Жар айыл өкмөтүнүн аткаруучу-тескөөчү органынын структурасы жана аппарат кызматкерлеринин 2015-жылга карата тиешелүү эмгек стаждары бекитилсин.
5. Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндө мыйзамынын 21-беренесине ылайык айыл өкмөтүнүн резервдик фонду 83,0миң сом өлчөмүндө бекитилсин
6. Чыгашаларды каржылоо биринчи кезекте коргоого алынган беренелер (эмгек акы, социалдык фондко чегерүү, тамак аш, дары дармек жана милдеттүү медициналык камсыздандырууга чегерүүлөр) комуналдык кызматтар (электр энергия, көмүр, суу) боюнча каржылануусу белгиленсин.
7. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары теңдөөчү гранттарды биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашаларды толук каржылоо үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жоопкерчилигин алышат.
8. Бюджеттик мекемелер, чарба жүргүзүүчү субьектер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан максаттуу багытталышы боюнча пайдаланылбаган КРнын республикалык бюджетинин каражаттары тиешелүү бюджеттерге өндүрүп алынсын.
9. Казына системасын четтеп өтүү менен атайын каражаттарды пайдаланууга тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартип бузулганда атайын каражаттын 100 пайызы КРнын республикалык бюджетинин кирешесине алынат.
10. Айланма кассалык калдык айыл өкмөтүнүн бюджети боюнча жүргүзүлүүчү накталай акча каражаты 2015-жылдын 1-январына карата 150 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
11. Айыл өкмөтүнүн 2014-жылы бюджеттин чыгаша бөлүгүнө белгиленип каржыланбай калган каражаттар 481,8 миң сом, атайын каражаттан 12,0 миң сом 2015-жылдагы бюджетти аткаруу чегинде каржылоо сунуш кылынсын.
12. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин «бюджет, финансы, салык маселелер боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ак-Жар айылдык Кеӊешинин төрайымы |
Н.Кыдыргычева |