Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жар айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XI сессиясы
2015-жылдын 27-февралы № 70
Ак-Жар айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектеп, бала-бакчалардын электр энергиясы менен жоопкерчиликтүү мамилеси жөнүндө
Ак-Жар айылдык кеңеши мектеп, бала-бакчалардын кыштын суук күндөрүндө өчүрүлүп, балдардын тиешелүү тарбия, билим алуусуна тоскоолдуктар түзүлүп жаткандыгын жана бул көйгөйдөн чыгуу максатын көздөп
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектеп, бала-бакчаларды электр энергиясы менен камсыздоодо РЭС менен техникалык шарттарын макулдашуу, учетчиктеринин техникалык сапаттын жогорулатуу менен каттоодон өткөрүүдө каражат жагынан көмөктөшүү, көзөмөлдөө иштерин жүргзүү айыл өкмөт башчысына сунушталсын.
2. Техникалык шарттары менен катоодон өткөн мектеп жана бала-бакчанын электр энергиясын пайдалануу боюнча документтеринин негизинде электр энергиясын пайдалануунун мыйзамдуулугуна жоопкерчиликтүү болуп мектеп директору жана бала-бакча башчылары бекитилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин «мыйзамдуулук адам укугун коргоо боюнча» туруктуу комиссиясына (А.Бакиров) тапшырылсын.
Ак-Жар айылдык Кеӊешинин төрайымы |
Н.Кыдыргычева |