Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жар айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XI сессиясы
2015-жылдын 12-марты № 71
«Ак-Жар айыл өкмөтүнүн аймагындагы малчылардын мал багуу акылары, жайлоого көчүү мөөнөттөрү жана эгинге түшкөн малдарга жазана салуу өлчөмдөрү жөнүндө»
Ак-Жар айылдык Кеңеши малчылардын да мал ээлеринин да кызыкчылыктарын бирдей деңгээлде карап, базар баасын эске алуу менен ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүргөн дыйкандардын эмгегин, кызыкчылыгын эске алып бардык айылдарда өткөрүлгөн жыйындардын жана депутаттардын киргизген сунуш, пикирлеринин негизинде талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жар айыл өкмөтүнүн аймагындагы малчылардын жайлоого мал багып келүү акылары кой, эчки үчүн биринчи айына 100 сом, 2-айына 85 сомдон, калган айларына 80 сомдон. Кара мал, жылкы үчүн биринчи айына 350 сом, калган айларына 300 сомдон өлчөмдөрү бекитилсин.
2. Эгерде малчы жогорудагы талаптарды аткарбай өзү каалаган баада эсептешүүгө барса айыл өкмөтүнүн башчысына малчыларды келишим эрежелерин бузган катары укук коргоо органдарына акты түрүндө кайрылуусу сунуш кылынсын.
3. Жайлоого көчүү мезгили 2015-жылдын 1-майынан 5-майына чейин, жайлоодон келүү мезгили 10-сентябрдан кийинки мезгилге көчүп келүү мөөнөттөрү бекитилсин. Эгерде бул мөөнөттөн кечиксе же бул мөөнөттөн эрте көчүп келсе ар бир кечиккен жана эрте келген бир күнү үчүн 1миң сомдон жазана салуу өлчөмү бекитилсин.
4. Эгерде малчы тапшырылган малды кароосуздан (жоготуп, арам өлтүрүп, карышкырга алдырып, же болбосо чек арадан алыска чыгып кеткен учурлардан жоготууга учураганда) жоготууга учуратса төлөп берүүсү милдеттендирилсин.
5. Малчы мал ээсинен форма №4түн (ветеринардык справка) негизинде гана алуусу милдеттүү катары эсептелсин жана сырттан мал алууга кату тыю салынсын.
6. Эгинге же кырманга түшкөн кой, эчки, кара мал, жылкыга жазана салуу өлчөмү кой, эчки үчүн башына 50 сом, кара мал жылкы үчүн 200 сом өлчөмдөрү бекитилсин. Ал эми сырттан келген мал үчүн жогорудагы жазана өлчөмү эки эсе көбөйтүлүп салынсын. Эгерде мал ээси каршылык көрсөтүп төлөп берүүдөн баш тартса комиссиянын актысы мыйзамдуу түрдө укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилет.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин «мыйзамдуулук, адам укугун коргоо боюнча» туруктуу комиссиясына (А. Бакиров) жана айыл өкмөт башчысына, айыл башчылырга жүктөлсүн.
Ак-Жар айылдык Кеӊешинин төрайымы |
Н.Кыдыргычева |