Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жар айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XII сессиясы
2015-жылдын 12-марты № 72
Ак-Жар айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин бюджети жана шарттары жөнүндө
Ак-Жар айылдык Кеңеши жайыт комитетинин төрагасынын айыл чарба департаменти менен макулдашылган киреше булактарынын негизинде түзүлгөн бюджеттин ж.б шарттарын талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жар айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2015-жылга жалпы бюджети мүмүкүн болгон киреше булактарынын негизинде 323,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Жайыт комитетинин бюджетинин эмгек акыга чегерүү, камсыздандыруу төлөмү, сапар чыгымы ж.б ишти уюштуруу чыгымы, жайытты жакшыртуу, райондук жайыт ассоциациясы үчүн, подоход налогу үчүн жана айыл өкмөтүнө чегерилүүчү жер салыгы үчүн бөлүштүрүлгөн өлчөмдөрү бекитилсин.
3. Жайыт пайдалануучулар үчүн жайыт акы төлөмдөрүнүн өлчөмү
-чоң бодо мал, жылкы үчүн-103,87 сом
-Жаш бодо, торпок, кулун, тайлар үчүн-72,02 сом
-кой, эчки үчүн-20,57 сом өлчөмдөрүндө
4. Ак-Жар айыл өкмөтүнүн жайытына сырттан келген шарттуу малга жайыт акы төлөмдөрүнүн өлчөмү
-чоң бодо мал, жылкы үчүн-146,77
-жаш бодо, торпок, кулун, тайлар үчүн-103,08
-кой эчки үчүн-2943 өлчөмдөрүндө бекитилсин.
5. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин малчылар менен түзүлгөн келишим формасы бекитилсин
6. Жайыт комитетинин келишимисиз жайыт билетсиз жана №4 формасыз ички жана сырткы жайытты пайдаланууга тиешелүү органдар аркылуу тыю салынуу сунушу бекитилсин.
7. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин «мыйзамдуулук, адам укугун коргоо боюнча» туруктуу комиссиясына, жайыт комитетинин төрагасы А. Бакировго милдеттендирилсин.
Ак-Жар айылдык Кеӊешинин төрайымы |
Н.Кыдыргычева |