Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жар айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XII сессиясы
2015-жылдын 12-марты № 75
Ак-Жар айыл өкмөтү «Өзгөн аймактык Таза суу»
муниципалдык ишканасына уюштуруучу катары кирүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамына ылайык жана Ак-Жар айыл аймагындагы жашаган тургундарында таза суу менен камсыз кылуу максатында Ак-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтү караштуу «Өзгөн аймактык Таза суу» муниципалдык ишканасына уюштуруучу катары кирсин.
2. Ушул токтомдо аткарылышын көзөмөлдөө жана тийиштүү иш чараларды жүргзүү жагы Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кулмурзаевге жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик кайра каттоо үчүн тапшырылган документтериндеги маалыматтардын анык экендиги жана мыйзамда белгиленген учурларда юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тиешелүү мамлекеттик жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырасталат.
Ак-Жар айылдык Кеӊешинин төрайымы |
Н.Кыдыргычева |