Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жар айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XIII сессиясы
2015-жылдын 19-майы № 83
Большевик айылындагы МикроГЭСтин территориясындагы 0,40га жер аянты жөнүндө
Ак-Жар айылдык Кеңеши Большевик айылындагы МикроГЭСтин кубаттуулугун 5квт тан 25квт ка көтөрүү үчүн аракет кылуунун жолун издеп, жооптуу адамды бекитүү максатын көздөп жана Большевик айылынын жашоочуларынын 2015-жылдын 20-мартындагы чогулушунун протоколунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Большевик айылындагы МикроГЭСти кароого алып, иштешин, көзөмөлдөп бару кызматы үчүн МикроГЭСтин территориясындагы 0,40 га жер аянты айыл тургуну Бакиров Абдылла арендагы берилсин.
2. Токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө айыл башчысы К.Турдумаматовго жана айылдык кеңештин «айыл чарбачылыгы» боюнча туруктуу комиссиясына (+ Алишеров) тапшырылсын.
Ак-Жар айылдык Кеӊешинин төрайымы |
Н.Кыдыргычева |