Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жар айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XIII сессиясы
2015-жылдын 19-майы № 85
Айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектептердин, бала-бакчалардын жаңы окуу жылына карата даярдыгы, материалдык-техникалык базаларынын акыбалы жөнүндө
Ак-Жар айылдык Кеңеши «Айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектептердин, бала-бакчалардын жаңы окуу жылына карата даярдыгы, материалдык-техникалык базаларынын акыбалы жөнүндө» айылдык кеңештин «социалдык маселелер боюнча» туруктуу комиссиясынын (төр.Турдали у Кубаныч) билдирүүсүн угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жар айыл өкмөтүнө караштуу М.Кулуев атындагы, Сатыбалды уулу Жолдош атындагы, С.Эшматов атындагы, Н.Кайнгазаров атындагы жана «Айзирек нуру», «Кушубак» бала-бакчаларынын 2015-2016-жаңы окуу жылына карата даярдыгы жана материалдык-техникалык базаларын өркүндөтүү боюнча жүргүзгөн иштери канааттандырарлык деп белгиленсин.
2. Жогорудагы билим берүү мекемелерин кышка карата толук даярдоо, сапаттуу көмүр, жыгач отун менен камсыз кылуу жактары айыл өкмөтүнө сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин «социалдык маселелер боюнча» туруктуу комиссиясынын (төр.Турдали у Кубаныч) тапшырылсын.
Ак-Жар айылдык Кеӊешинин төрайымы |
Н.Кыдыргычева |