Загрузка документа…
ЧЕК-АБАД АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чек-Абад айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XV сессиясы
2015-жылдын 19-февралындагы № 2
Чек-Абад айыл өкмөтүнүн пайдалануусундагы айыл чарбасына жарактуу мамлекеттик фондунун жерлерин ижара өлчөмдөрүн жана ижара мөөнөтүн белгилөө жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча айыл өкмөтүнүн жер боюнча адиси Д.Давидовдун билдирүүсүн угуп айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чек-Абад айыл өкмөтүнүн пайдалануусундагы айыл чарбасына жарактуу мамлекеттик фондунун ижара мөөнөтү бүткөн жерлеринин ижара өлчөмдөрү жана ижара мөөнөтүтөрү төмөндөгүчө белгиленсин:
а) Төлөйкөн айылынын № 96-контурундагы АЧЖМ фондунун 1,10 га сулуу жеринин ижара өлчөмү 8800(сегиз миң сегиз жүз)сом, ижара мөөнөтү 5 (беш) жыл, 0,60 га сулуу жеринин ижара өлчөмү 4800(торт миң сегиз жүз) сом, ижира мөөнөтү 5(беш) жыл,Коколопаш айылынын № 122-контурундагы АЧЖМ фондунун 1,0 га сулуу жеринин ижара өлчөмү 3000(үч) миң сом, ижара мөөнөтү 5 (беш) жыл,Ак-Шар участкасындагы №1015,1019,1026,1034 жана 1035-контурлорундагы АЧЖМ фондунун сулуу жерлеринин ижара өлчөмү гектарына 1000(бир) миң сом, ижара мөөнөтү 5 (беш) жыл, Кочубаев айылынын №641-642- контурлорундагы АЧЖМ фондунун 12,0 га кайрак жерлеринин ижара өлчөмү гектарына 1000(бир) миң сом, ижара мөөнөтү 3 (үч) жыл кылып белгиленсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын Чек-Абад айыл өкмөтүнүн пайдалануусундагы айыл чрбасына жарактуу мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча бекитилген комиссиянын курамына жүктөтлсүн.
Чек-Абад айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Нурматов |