Загрузка документа…
ЧЕК-АБАД АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чек-Абад айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XV сессиясы
2015-жылдын 19-февралы № 3
Араван өз алдынча баланстагы токойчулугунун башчысы
Ш.Мелибаевдин каты жөнүндө
Араван өз алдынча баланстагы токойчулугунун башчысы Ш. Мелибаевдин катынын негизинде жана токойдун социалдык-экономикалык маанисин жана биологиялык ар түүдүүлүгүн сактоо, климатын жөнгө салуу үчүн глобалдуу жагын эске алып, токой тармагындагы иштерди жакшыртуу максатында Чек-Абад айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Араван районунун элине керектүү деңгээлде сапаттуу түрдүү бадал-дарактарды өстүрүп берүү максатында райондук деңгээлде Араван өз алдынча баланстагы токойчулугунун статусун өзгөртүп «Араван токой чарбасын» түзүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтомду аткарылышын камсыз кылуу жагы Чек-Абад айыл өкмөтүнүн башчысы Р. К. Эргашевге тапшырылсын.
Чек-Абад айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Нурматов |