Загрузка документа…
ЧЕК-АБАД АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чек-Абад айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XV сессиясы
2015-жылдын 19-февралы № 5
Чек-Абад айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги жер участокторунун
ижара өлчөмүн жана ижара мөөнөтүн белгилөө жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча айыл өкмөтүнүн жер боюнча адиси Д.Давидовдун билдирүүсүн угуп айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чек-Абад айыл өкмөтүнүндөгү «Мирза-Улугбек» атындагы орто мектебинин территориясындагы 0,60 га жер участогунун ижара акысынын өлчөмү 6000 (алти миң) сомдон белгиленип, 25-жылдык мөөнөткө,Кочубаев айылындагы (мурунку №9-бригаданын тала станынын жанындаги жер участогу) 0,10 га жер участогунун ижара акысынын өлчөмү 800 (сегиз жүз) сомдон белгиленип, 5-жылдык мөөнөт менен ижара негизинде пайдаланууга берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын Чек-Абад айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде кыймылсыз мүлк объекттерин, жер участкаларын сатуу жана ижарага берүү боюнча бекитилген комиссиянын курамына жүктөтлсүн.
Чек-Абад айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Нурматов |