Загрузка документа…
ЧЕК-АБАД АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чек-Абад айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XV сессиясы
2015-жылдын 19-февралы № 6
Чек-Абад айыл өкмөтүнө караштуу ЖПБнын 2015-жылга карата долбоордук бюджети жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча айыл өкмөтүнө караштуу ЖПБнын эсепчиси А.Халиловдун 2014-жылда аткарылган бюджети жөнүндө отчетун жана 2015-жылга карата долбоордук бюджетин жөнүндөгү маалыматын угуп айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чек-Абад айыл өкмөтүнө караштуу ЖПБнын 2014-жылда аткарылган бюджети канааттандырарлык деп эсептелсин.
2. Чек-Абад айыл өкмөтүнө караштуу ЖПБнын 2015-жылга долбоордук бюджети бекитип берилсин. (2015-жылга бюджети тиркелет).
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу ЖПБнын башчысы Д.Абжаббаровго жүктөтүлсүн.
Чек-Абад айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Нурматов |