Загрузка документа…
ЧЕК-АБАД АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чек-Абад айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XVI сессиясы
2015-жылдын 20-майы № 1
Чек-Абад айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл чарба иштеринин жана дыйкан чарбаларды сугат суусу менен камсыз кылуунун абалы жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча Чек-Абад айыл өкмөтүнүн башчысынын орунбасары С.Токторовдун отчетун угуп Чек-Абад айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чек-Абад айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл чарба иштеринин жана дыйкан чарбаларды сугат суусу менен камсыз кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер көңүлга алынсын.
2. Дыйкан чарбалардын айыл чарба эгиндерин багып өстүрүүдө сугат суусу менен камсыздоо, айыл чарба зыянкечтерине каршы иштөөдө техникалар менен камсыздоо максатында иш алып баруу милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орунбасары Сайбилла Камиловчи Токторовго жүктөлсүн.
Чек-Абад айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Нурматов |