Загрузка документа…
ЧЕК-АБАД АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чек-Абад айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XVI сессиясы
2015-жылдын 20-майы № 3
Чек-Абад айыл аймагында жайгашкан «Сахий-Дарья» СПАсынын өзүнүн отурумунда карап чыгылган айып пулуну бекитип берүү жөнүндө
«Сахий-Дарья» СПАсынын Кеңешинин төрагасв М.Машрабхужаевдин билдирүүсүн угуп жана «Сахий-Дарья» СПАсынын мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунун протоколу менен таанышып чыгып Чек-Абад айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чек-Абад айыл аймагында жайгашкан «Сахий-Дарья» СПАсынын өзүнүн отурумунда карап чыгылган айып пулдары бекитип берилсин. (сугат суулардан пайдаланууну тартибин оңдоо максатында «Сахий-Дарья» СПАсынын көзөмөлүндө турган сууну уруксатсыз алган жарандарга биринчи жолу-1500 сом; 2-жолу 2000 сом; 3-жолу 3000 сом айып пулу салынсын.)
2. 2014-жылы сугат суунун жетишсиз болгондугун эсепке алып 2015-жылы дыйкан чарбалардын үлүш жерлеринин жана келишимдин негизинде иштетип турган жерлеринин 10 % на шаалы эгүүгө уруксат берилсин. Өз башымчалык менен шалы эгип алган дыйкан жана фермер чарбаларга 5000 (беш) миң сом айып пулу салынсын.
3. Дыйкан жана фермерлердин алынган айып пулдары «Сахий-Дарья» СПАсынын кредитине жумшалсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орунбасары Токторов Сайбилла Камиловичке жүктөлсүн.
Чек-Абад айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Нурматов |