Загрузка документа…
ЧЕК-АБАД АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чек-Абад айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XVII сессиясы
2015-жылдын 30-сентябры № 1
Айыл чарбасына жарактуу мамлекеттик фондунун жерлерин пайдалануунун абалы жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча айыл өкмөтүнүн жер боюнча адиси Д.Давидовдун билдирүүсүн угуп айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чек-Абад айыл өкмөтүнүн пайдалануусундагы айыл чарбасына жарактуу мамлекеттик фондунун жерлери 2015-жылга карата максаттуу жана натыйжалуу пайдаланылды деп аныкталсын.
2. Мындан ары Чек-Абад айыл өкмөтүнүн пайдалануусундагы айыл чарбасына жарактуу мамлекеттик фондунун жерлерин максаттуу жана натыйжалуу пайдаланууда КР Жер кодекси, КР Жарандык кодекси, КР Мыйзамдары жана токтомдоруна ылайык иш алып баруу айыл өкмөтүнүн жер адиси Д.Давидовко милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду аткарылышын Чек-Абад айыл өкмөтүнүн пайдалануусундагы айыл чарбасына жарактуу мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча бекитилген комиссиянын курамына жүктөтлсүн.
Чек-Абад айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Нурматов |