Загрузка документа…
ЧЕК-АБАД АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чек-Абад айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XVII сессиясы
2015-жылдын 30-сентябры № 6
Чек-Абад айыл өкмөтүнүн пайдалануусундагы айыл чарбасына жарактуу мамлекеттик фондунун жерлерин ижара өлчөмдөрүн жана ижара мөөнөтүн белгилөө жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча айыл өкмөтүнүн жер боюнча адиси Д.Давидовдун билдирүүсүн угуп айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чек-Абад айыл өкмөтүнүн пайдалануусундагы айыл чарбасына жарактуу мамлекеттик фондунун ижара мөөнөтү бүткөн жерлеринин ижара өлчөмдөрү жана ижара мөөнөттөрү төмөндөгүчө белгиленсин:
а) Төлөйкөн айылынын № 96-контурундагы АЧЖМ фондунун 0.60 га сулуу жеринин ижара өлчөмү гектарына 8800(сегиз миң сегиз жүз)сом, ижара мөөнөтү 5 (беш) жыл, Жар -кыштак айылынын № 24-33-контурундагы АЧЖМ фондунун 3,0 га сулуу жеринин ижара өлчөмү гектарына 9000(тогуз) миң сом, ижара мөөнөтү 5 (беш) жыл, Ак-Шар участкасынын №1005-1008-контурлорундагы 1,90 га АЧЖМ фондунун сулуу жерлеринин ижара өлчөмү гектарына 1000(бир) миң сом, ижара мөөнөтү 5 (беш) жыл, Караташ жана Гулбаар участкаларындагы АЧЖМ фондунун 29,0 га кайрак жерлеринин ижара өлчөмү гектарына 400(торт) жүз сом, ижара мөөнөтү 5 (беш) жыл жана Гулбаар участкасындагы АЧЖМ фондунун 50,15 га кысыр-аңыз жерлеринин ижара өлчөмү гектарына 600(алты) жүз сом, ижара мөөнөтү 5 (беш) жыл кылып белгиленсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын Чек-Абад айыл өкмөтүнүн пайдалануусундагы айыл чарбасына жарактуу мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча бекитилген комиссиянын курамына жүктөтлсүн.
Чек-Абад айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Нурматов |