Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы
2015-жылдын 9-январы № 2
Алтын-Уя балдар бакчасында тарбияланып жаткан 8 баланын тамак-аш маселесин чечип берүү жөнүндө
Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн аймагындагы №28 “Алтын Уя” балдар бакчасында тарбияланып жаткан 8 баланын тамак-аш маселеси жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык Кеңешинин XXVI- чакырылышынын XVIII –сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн аймагындагы №28 “Алтын Уя” балдар бакчасынын жетекчиси З.Мамутовнын 2014-жылдын 22-декабрындагы кириш №02 сандуу кайрылуусу эске алынсын.
2. 60 балага ылайыкташкан бала бакчада ата-энелердин суранычы менен кошумча тарбияланып жаткан 8 баланын тамак-аш маселесин райондук финансы бөлүмү менен биргеликте чечип берүү жагы Э.Маматаевке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин бюджет жана финансы ишкердүүлүктү, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы О.Калмуратовко милдеттендирилсин.
Бүргөндүайылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Нурматов |