Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы
2015-жылдын 9-январы № 3
Бүргөндү аймактык ооруканасынын бөлмөлөрдү жылытуу боюнча жазган кайрылуусу жөнүндө
Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн аймагындагы оорукананын айрым бөлмөлөрүн жылуу зарылдыгы жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык Кеңешинин XXVI- чакырылышынын XVIII –сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн аймагындагы оорукананын башкы даарыгери К.Адыровтун 2014-жылдын 15-декабрындагы кириш №03 сандуу кайрылуусу эске алынсын.
2. Оорукананын башкы даарыгеринин кайрылуусунда суралган 3 даана жылыткыч менен камсыз кылуу жагы айыл Өкмөт башчысы Э.Маматаевке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин бюджет жана финансы ишкердүүлүктү, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы О.Калмуратовко милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Нурматов |