Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы
2015-жылдын 9-январы № 4
Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү
боюнча комиссиянын курамын бекитип берүү жөнүндө
Бүргөндү айылдык окуругунун башчысынын биринчи орун басары Б.Кубатовтун кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча комиссиянын курамын түзүү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап Эл депутаттарынын Бүргөндү айылдык Округдук Кенешинин XXVI-чакырылыштын III- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бүргөндү айылдык окуругунун башчысынын биринчи орун басары Б.Кубатовтун Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча комиссиянын курамын түзүү жөнүндөгү сунушу эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын 15.04.2002-жыл 3 N 702-11 токтому менен бекитилген “Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу” типтүү Жобого ылайык Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү максатында төмөндөгүдөй комиссия курамы бекитилсин.
О.Калмуратов- Айылдык кенештин депутатты, комиссиянын төрагасы.
Мүчөлөрү:
К.Калбеков- айылдык кенштин депутаты;
Б.Кубатов- айылдык Окуругунун орун басары;
З.Орозов- жаштар комитетинин төрагасы;
А.Ибрагимов- айылдык кенштин депутаты;
Г.Мамадиев- айылдык кенштин депутаты;
С.Дооронов- айылдык кенштин депутаты;
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Эл чарбасы, айыл чарбасы,
өнөр жай, транспорт жана энергетика боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Расуловко жана Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Т.Асанбаевке милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Нурматов |