Редакцияот 14.04.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

2012-жылдын 14-апрели №20/1

Ак-Муз айыл өкмөтүнүн аймагында  айдоо аянтына, көчүү конууда мал башына салына турган айыпты, жайыт жериндеги мыйзамсыз тосмо зымдарды алдырууну бекитүү жөнүндө

Жергиликтуу өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 31-беренесине ылайык        Ак-Муз айыл өкмөтүнүн аймагында айдоо аянтына түшкөн, кеч көчкөн айыл тургундарына мал башына салына турган айыпты.жайыт жериндеги мыйзамсыз тосмо зымдарды алдырууну бекитүү боюнча Ак-Муз айылдык кеңештин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Айдоо аянтына түшкөн малга, бодо малга 100 сом, кой-эчкиге 20сом айып салынары белгиленсин, жайыт жерлерин мыйзамсыз тоскон жерлердин тосмолору алынсын токтомго баш ийбеген айыл тургундарын сот.прократура ички иштер органдарына берилери эскертилет.

2.    Сарайда калган айыл тургундарына ат-2 баш уй- 2-баш кой-эчки-20 баштан алып калары, ашык алып калган мал башына жогорудагы айып салынаары эскертилсин.

3.    Алыскы жана жакынкы жайлоого көчүү 15-майдан 20-июнга чейинки убакыт белгиленсин, кечиксе айыл тургундарына жогорудагы айып мал башына салынары эскертилсин.

4.    Жайлоодон көчүп келүү 20-сентябрь күнү белгиленсин, эгерде эрте көчүп келсе жогорудагы айып салынаары эскартилсин.

5.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ыбырай уулу Кенжебекке милдеттендирилсин.

 

Ак-Муз айылдык

кеңешинин төрөгасы

 

Э.Субагожоев