Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XX сессиясы
2015-жылдын 7-апрели № 23
Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн Курама айылындагы №33-Д.Садырбаев мектебинин жаңы салынган
ашканасына кабель түшүрүү жана ашканага баруучу жолду бетондоо жөнүндө
Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн Курама айылындагы №33-Д.Садырбаев мектебинин директору А.Нурбаевтин кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык Кеңешинин XXVI- чакырылышынын XX –сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. № 33-Д.Садырбаев мектебинин директору А.Нурбаевтин 2015-жылдын 15-мартындагы кириш № 45 сандуу кайрылуусу эске алынсын.
2. №33-Д.Садырбаев мектебинин жаңы салынган ашканасына кабель түшүрүү жана ашканага баруучу жолду бетондоо үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 25,000(жыйырма беш миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин бюджет жана финансы ишкердүүлүктү, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы О.Калмуратовко милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К. Осконбаев |