Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 31-марты № 4
Казыбек айыл округуна караштуу Ак-Сай өрөөнүндөгү Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун реабилитация долбооруна ылайык 531 чакырымындагы Таможная бекетинин кире бериш жериндеги жол боюнан № 12 контурдагы - 1.24 га жайыт жерин өнөр айынын транспортун, байланыштын, коргонуунун жерлери ж.б. багыттагы жерлер категориясына которуу жөнүндө
Казыбек айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 22-январь 2008-жылдагы №19 токтому менен бекиген «Жерлерди бир категориядан башкасына которуунун же бир түрүнөн башкасына которуунун (трансформациялоонун)» тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу токтомуна ылайык Казыбек айыл округуна караштуу Ак-Сай өрөөнүндөгү Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун реабилитация долбооруна ылайык 531 чакырымындагы Таможная бекетинин кире бериш жериндегйцсол боюнан № 12 контурдагы — 1.24 га жайыт жерин өнөр жайынын транспортун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер категориясына которулсун.
2. Казыбек айыл округуна караштуу Ак-Сай өрөөнүндөгү Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун реабилитация долбооруна ылайык 531 чакырымындагы Таможная бекетинин кире бериш жериндеги жол боюнан № 12 контурдагы —124 га жайыт жерин өнөр жайынын транспортун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер категориясына которуу жөнүндөгү айылдык Кеңештин токтомун бекитип берүү жагы тиешелүү жогорку органдардан суралсын.
Казыбек айылдык Кеңешинин төрагасы |
М. Турганалиев |