Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 13-августу № 6
Казыбек айыл аймагынын Казыбек жана Жаңы-Күч айылдарындагы «Казыбек —Жеткинчек», «Айданек» бала бакчаларда ата-энелер взносун бирдей деңгээлге 300 (үч жүз) сомго бекитүү жөнүндө
Казыбек айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Казыбек айыл аймагынын Казыбек жана Жаңы- Күч айылдарындагы «Казыбек-Жеткинчек», « Айданек» бала бакчаларынын жетекчилери Г. Молдакунованын өтүнүчүн, К.Ыдырысованын сунушун жана Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын 30.07.2012-жылдагы № 972 катын канааттандыруу максатында бала бакчаларда ата-энелер взносун бирдей деңгээлге 300 (үч жүз) сомго бекитилсин.
2. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы айыл аймагынын башчысы М.Абылгазиевге жана аны аткаруу жагы бала бакчалардын жетекчилери Г. Молдакуновага жана К. Ыдырысовага тапшырылсын.
Казыбек айылдык кеңешинин төрагасы |
М.Турганалиев |