Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 13-марты № 12
2009-жылдан бери жайыт жерлерин пайдаланып келишкен Кара-Суу айылынын тургундары, бүгүнкү күнү жайыт жерлерине акы төлөөдөн баш тартып-катышкандыктан, жайыт акыларын өндүрүү жөнүндө
Казыбек айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт комитетинин төрагасы М.Молдакунов билдиргендей Кара-Суу айылынын тургундары Сатыбеков Алтынбек, Сатыбеков Хамардин, Сокубашов Мурат, Кылжыров Кубан Арпа өрөөнүндөгү Семиз-Саз участогунда 2009-жылдан бери жайыт жерлерин пайдаланып келишкен, бүгүнкү күнү жайыт жерлерин үнөмдүү лайдалануу маселеси тургандыктан, жайыт жерлерине акы төлөөдөн баш тартып жатышат, ошол себептен бул адамдарды жайыт жерлерине акы төлөтүү үчүн Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы райондук администрагивдик комиссияга сунушталсын.
2. Бул токтомду аткаруу жана райондук административдик комиссияга жеткирүү жагы айылдык кеңештин депутаты, жайыт комитетинин төрагасы М.Молдакуновго милдеттендирилсин.
Казыбек айылдык кеңешинин төрагасы |
М. Турганалиев |