Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 24-октябры № 2
Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2014-2015-жылдары күз-кыш мезгилине карата даярдыктардын жүрүшү жөнүндө
Депутаттардын Жерге-Тал айыл аймагынын Кеңешинин сессиясы Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Жумабекованын билдирүүсүн угуп төмөндөгүлөрдү белгилейт.
2014-2015-жылдар ичинде күз-кыш мезгилине карата социалдык обьектилерди жана калкты кышка карата даярдыкка келтирүү жана жылуулук менен камсыз кылуу максатында айыл өкмөтүнүн 19-сентябрь 2014-жылы № 23-б буйругу чыгарылды, атайын иш-чаралар планы түзүлүп, 2 жолу штабдын отруму өткөрүлдү. Айыл аймагынын социалдык обьектилери кышка карата көмүр менен толук 100%ке камсыз кылынды. Электр энергиясынын лимитинен ашык чыгымдоолорго жол бербөө максатында айылдык мекеме-уюмдардын жетекчилерине тиешелүү көрсөтмөлөр берилип аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы бөлүм башчы Р. Аманова, турак жай, коммуналдык чарба жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адис Т. Садыгалиевке, айыл башчылары К. Абдракманов, А. Алымбаевке милдеттендирилгенин белгиледи.
Депутаттардын Жерге-Тал айыл аймагынын Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жерге-Тал айыл аймагынын калктуу пункттарындагы жайгашкан социалдык обьектилер жана калкты 2014-2015-жылдар ичинде күз-кыш мезгилине карата даярдыктарды көрүү максатында жүргүзүлүп жаткан иштери канааттандыраалык деп белгиленсин.
2. Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Жумабековага 2014-2015-жылдар ичинде күз-кыш мезгилине карата даярдыктарды көрүү боюнча кабыл алган иш-чаралар планына ылайык мындан ары дагы уюштуруучулук иштерди жүргүзүүнү колго алуу жагы тапшырылсын.
Жерге-Тал айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К.Исаков |