Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 24-октябры № 3
Жерге-Тал айыл аймагынын 2014-жылдын 9 айлык бюджетинин аткарылышы жөнүндө
2014-жылдын 9 айынын ичиндеги бюджетинин аткарылышын карап чыгып Жерге-Тал айыл аймагынын Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын 9 айлык бюджетинин аткарылышы боюнча жүргүзгөн иши канааттандыраарлык эмес деп белгиленсин.
2. Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Жумабековага 2014-жылдын бюджетинин кирешелер бөлүгүнүн статьялары боюнча 15-декабрь 2014-жылга чейин аткаруу жагы тапшырылсын жана жылдын жыйынтыгы менен Кеңештин кезектеги сессиясында талкуулансын.
3. Бюджеттин киреше бөлүгүн аткарууда өз кызматтык милдетине жоопкерчилик менен мамиле жазабагандыгы жана планды аткарбагандыгы үчүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Р. Аманова, жерге жайгаштыруу жана айыл чарбасы боюнча жетектөөчү адис М. Куланбаев, салык инспекторлору М. Дүйшеев, А. Жетигенов, айыл башчылары К. Абдракманов, А. Алымбаев, жайыт комитетинин төрагасы А. Өмүровго жылдын жыйынтыгы менен карап, кызматтык тартип чарасын көрүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Жумабековага тапшырылсын.
Жерге-Тал айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К.Исаков |