Загрузка документа…
БҮЛӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 12-ноябры № 12/8
Бүлөлү айыл өкмөтүндө 6 айдын жыйынтыгы боюнча салыктардын топтолушунун жана бюджеттик каражаттардын мыйзамдуу пайдаланышынын абалын кароо жөнүндө
Бүлөлү айыл өкмөтүндө 6 айдын жыйынтыгы боюнча салыктардын топтолушун жана бюджеттик каражаттардын мыйзамдуу пайдаланышынын абалы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Таабалдыевдин маалыматын жана айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Б.Бабыевдин, салык инспектору К.Осмоновдун билдирүүлөрун угуп жана талкуулап, туруктуу комиссиянын 2014-жылдын 10 - июунудагы токтомун эске алып, Бүлөлү айылдык Кеңешинин (5 чакырылышынын) 12-заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бүлөлү айыл өкмөтүндө 6 айдын жыйынтыгы боюнча сатуудан алынуучу салыктын толбой калгандыгы белгиленсин.
2. Айыл өкмөтүндөгү толбой калган салыктарды толтуруу К.Осмоновго милдеттендирилсин.
3. Айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмү тарабынан 6 айдын жыйынтыгы боюнча бюджеттик каражаттарды мыйзамдуу пайдаланууда бир топ кемчилдиктер кеткендиги белгиленсин.
4. Кетирген кемчилдиктери үчүн ФЭБ башчысы Б.Бабыевге эскертуу берилип, [кем чилдиктерди оңдоо жагы милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Абдраевге жана туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Бүлөлү айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Р. Сарыбаев |