Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 13-августу №13
1992-жылы жер үлүшү бөлүнүп, бирок кээ бир себептер менен жер үлүшүн ала албай калган тургундарга, туташ каттоонун негизинде ашып калган жерлерден жер үлүшүн бөлүп берүү жөнүндө
Казыбек айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Казыбек айыл аймагынын айыл чарба боюнча башкы адиси М.Шермамбетовдун кайрылуусу боюнча, 1992-жылы жалпы элге жер үлүшү бөлүнгөңдө, ар кандай себептер менен кээ бир атуулдарыбыз жер үлүштөрүн ала албай калышкан, ошондуктан айыл аймагында туташ каттоо жаңы жүргүзүлсүн жана каттоодо туруп, бирок ала албай келген тургундарга, туташ каттоонун негизинде ашкан жерлерден жер үлүшү бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомду аткаруу жагы айыл аймагынын айыл чарба боюнча башкы адиси М. Шермамбетовго милдеттендирилсин.
Казыбек айылдык кеңешинин төрагасы |
М. Турганалиев |