Загрузка документа…
ТӨЛӨЙКӨН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Төлөйкөн айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XII сессиясы
2014-жылдын 6-ноябры № 12/2
Төлөйкөн айылдык кеңешинин типтүү регламентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттардын статусу жөнүндөгү» мыйзамдарына ылайык жергиликтүү кеңештердин типтүү регламентин талкуулап, Төлөйкөн айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү кеңештердин типтүү регламентинин 3-бөлүмүнүн, 3.3 пунктуна добуш берүүнүн 2-түрү ошол күнкү сессияда өткөрүлөт.
2. Жергиликтүү кеңештердин типтүү регламентинин 10-бөлүмүнүн, 10.7 жаңы пункту менен айылдык кеңештин депутаттары айылдык кеңештин кезектеги, кезексиз сессияларына себепсиз 4 жолу катышпаган депутаттарынын мандаттарын жокко чыгаруу боюнча БШКга сунуш берилет.
3. Төлөйкөн айылдык кеңешинин регламенти көрсөтүлгөн толуктоолор менен бекитилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төлөйкөн айылдык кеңешинин төрагасына жүктөлсүн.
Төлөйкөн айылдык Кеӊешинин төрагасы |
И. Ажиматов |