Загрузка документа…
ТӨЛӨЙКӨН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Төлөйкөн айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XIII сессиясы
2014-жылдын 19-декабры № 13/4
Төлөйкөн айыл аймагында мүлк жана жер салыктарын киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 31-беренесинин 3-бөлүгүнүн жана Кыргыз Республикасынын 17.10.2008-жылдагы №231 «Салык кодексининин ишке киргизүү» жөнүндөгү мыйзамынын 3-беренесинин 3-бөлүмүнө ылайык Төлөйкөн айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-жылдын 1-январынан Төлөйкөн айыл аймагына төмөндөгү салыктар аракетке киргизилсин:
- мүлк салыгы.
- жер салыгы.
2. Токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн салыктар Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин негизинде жүргүзүлөт.
3. Токтом мамлекеттик нормативдик актлар рестине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Токтом массалык маалыматтар каражаттарында чагылдырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Жогорудагы токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төлөйкөн айылдык Кеӊешинин төрагасы |
И. Ажиматов |