Загрузка документа…
ЧЕК-АБАД АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чек-Абад айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз X сессиясы
2014-жылдын 3-майы № 2
Чек-Абад айыл өкмөтүнүн аймагында айыл чарба иштеринин абалы жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча Чек-Абад айыл өкмөтүнүн башчысынын орунбасары С.Токторовдун билдирүүсүн угуп Чек-Абад айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чек-Абад айыл өкмөтүнүн башчысынын орунбасары С.Токторовдун билдирүүсү көңүлгө алынсын.
2. Чек-Абад айыл өкмөтүндө айыл чарба иштери туура багытта жүрүп жаткандыгы канааттандырарлык деп эсептелсин.
3. Чек-Абад айыл аймагындагы дыйкан жана фермер чарбаларына ар түрдүү көйгөйлөрүн чечүүгө Чек-Абад айыл өкмөтүнүн агрардык бөлүмүнө милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Чек-Абад айылдык Кеңешинин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Чек-Абад айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т.Сатыбалдиев |