ЧЕК-АБАД АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чек-Абад айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XII сессиясы
2014-жылдын 20-августу № 5
2003-2005- жылдары Кыргыз Республикасында системалык каттоо учурунда, Ош облусунун Араван району Чек-Абад айыл өкмөтү тарабынан айыл аймагында жашап каза болгон жарандардын атына чыккан чечимдер, турак-жай жана ээлеп турган жер аянтына туура эмес катталып калган чечимдерди Ош областтык райондор аралык сотунун чечимнин негизинде ошол турак-жайларда азыркы учурда жашап турган үй-бүлөлөрүнүн менчигине бекитип берүү жана сисмтемалык каттоодон өтпөй калган жарандардын турак жайларын менчигине бекитип берүү жөнүндө
Депутаттардын Чек-Абад айылдык Кеңеши, айыл аймагынын тургундарынын арыздарын карап чыгып, КР «Граждандык Кодекси»нин 233- статяларынын 1,2-пункуттарын, КР Жер кодексинин 4, 6-статяларын жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндө»гү мыйзамынын 41,43-статьяларын жетекчиликке алып,Чек-Абад айылдык Кеңеши
ТОКТОМ К ЫЛАТ:
1. Айыл тургундарынан: Хамидова Угилай, Кудайбердиева Саидахон, Мурзаев Бегаалы, Жакшибаева Махпурат, Кабулов Захитжон Парпиевич, Караев Азимжан, Ахмеджанова Сабрахон, Каримов Шермамат Боронович, Рахимкулова Бузайнаб, Рашидова Замира, Тожибоев Хабибулло, Пайзуллаев Эркавай Махаммадович, Худаярова Дилфуза, Эргашов Аскарали Ашимович, Мамризаев Адил Хожиевич, Маматазимов Бактыбек Сайпиддинович жана Шамурзаев Садыктардын ээлеп турган турак-жайын жана жер участоктору менчигине бекитип берүү Чек-Абад айыл өкмөтүнө милдеттенирилсин.
2. Чек-Абад айыл өкмөтүнүн Кочубаев айылынын тургундары Норбоев Абдурасул жана Асранов Исманали Сапаркуловичдин жашап турган үйлөрү системалык каттоодон өтпөй калгандыгына байланыштуу Норбоев Абдурасулдун жашап турган үйүн жана факт жүзүндөгү 1660,0 кв.м жер аянты, Асранов Исманали Сапаркуловичтин жашап турган үйүн жана факт жүзүндөгү 1192,0 кв.м жер аянты менчигине бекитилип берилсин.
3. Араван райондук жер кадастры жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасынан жогоруда наамы аталган атуулдардын үйүн жана жер аянтын кайра каттоодон өткөрүп , тастыктоочу документ берүү жагы суралсын.
4.Ушул токтомду көзөмөлгө алуу Чек-Абад айылдык Кенңешинин Чек-Абад айылдык Кеңешинин агрардык жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Чек-Абад айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т.Сатыбалдиев |