Загрузка документа…
ЧЕК-АБАД АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чек-Абад айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы
2014-жылдын 25-декабры № 8
Депутаттардын Чек-Абад айылдык Кеңеши, Араван райодук архитектура жана шар куруу башкармасынын 09.10.2014-жылдагы № 111/14-корутундусун, Араван райондук жер кадастры жана кыймылсыз мүлкөө укуктарды каттоо башкармасынын 5.11.2014-жылдагы № 99- корутундусун карап чыгып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чек-Абад айыл өкмөтүнүн Кочубаев айылындагы муниципалдык менчиктагы айыл чарбасына жараксыз 6000 ч/м жер аянты айыл аймагындагы № 122 кесыптык жана № 2 техныкалык лицейларында окуп жаткан окуучуларды автомашинаны үйрөтүү үчүн убактылуу пайдаланып турууга авто дром курууга ажыратылсын.
2. Ажырытылган 6000 ч/м жер аянтына Чек-Абад айыл өкмөтү жана № 122 кесыптык жана № 2 техныкалык лицейлары менен ижара келишими түзүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чек-Абад айылдык Кеңешинин «Агрардык,азык-түлүк жана жер реформасы » боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Чек-Абад айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т.Сатыбалдиев |