Загрузка документа…
БАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Дөбө айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги X сессиясы
2014-жылдын 7-майы № 10/3
Баш-Дөбө айыл аймагынын Кеңеш айылынын тургуну Жолболдуев Абдүшүкүр Абдимиталиполвичке “ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндө
Баш-Дөбө айыл аймагынын Кеңеш айылынын тургундарынын 2014-жылдын 28-апрелиндеги жааматтык жыйналышынын токтомунун негизинде Кеңеш айылынын тургуну Жолболдуев Абдүшүкүр Абдимиталиповичке айылдык Кеңешинин “Ардактуу атуул” наамын берүү жөнүндөгү сунушун талкуулап Баш-Дөбө айылдык Кеңешинин кезексиз X-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баш-Дөбө айылдык аймагындагы Кеңеш айылынын тургундарынын Жолболдуев Абдүшүкүр Абдимиталиповичке айыл аймагынын “Ардактуу атуул” наамын берүү боюнча токтому бекитилсин.
2. Баш-Дөбө айыл аймагынын Кеңеш айылынын тургуну Жолболдуев Абдүшүкүр Абдимиталиповичке Баш-Дөбө айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү мыйзамдуулук боюнча туруктуу коммиссиясына милдеттендирилсин.
Баш-Дөбө айылдык Кеӊешинин төрайымы |
К. Султанова |