Загрузка документа…
БАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Дөбө айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги X сессиясы
2014-жылдын 7-майы № 10/6
Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кашка-Терек айылынын спорт аянчасына маркум Кожоев Жолонтайдын ысымын ыйгаруу жөнүндө
Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кашка-Терек айылындагы спорт аянчасын ачуу боюнча айылдык жаштардын демилгеси менен жана демөөрчүлөрдүн колдоосу Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн салымы менен жаштар үчүн ден-соолукту чыңдоо жана ар түрдү мелдештерди өткөрүүдө, максаттуу пайдаланууда атайын жер участогу ажыратылып 2014-жылдын 09-майында ачылуу аземине карата спорт жаатында өз салымын кошкон жана жаш муундарга спорт боюнча кеңеш насааттарын берип жүргөн инсан айылдын тургуну маркум Кожоев Жолонтайдын ысымын спорт аянчасына берүү боюнча жаштардын жана айылдык Кеңештин депутаттарынын сунуштарын талкуулап Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн айылдык Кеңешинин X-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашка-Терек айылындагы жаштар үчүн бөлүнгөн спорт аянтчасына жаштардын жана депутаттардын демилгеси менен сунушталган атуул, маркум Кожоев Жолонтайдын ысымы ыйгарылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү социалдык маселелер боюнча туруктуу коммиссиясына милдеттендирилсин.
Баш-Дөбө айылдык Кеӊешинин төрайымы |
К. Султанова |